жаныбарлар дүйнөсү өтө ар түрдүүлүгү менен айырмаланат. Географиялык чөйрөнүн татаалдыгы жана зоогеографиялык региондордун кошулган жерлеринде жайгашкан абалы Кыргызстандын фаунасынын калыптанышында негизги фактор болгон. Республиканын фаунасына омурткалуулардын 500дөн ашуун түрү кирет. Анын ичинде балыктын 75, жерде-сууда жашоочулардын 4, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 28, канаттуулардын 368, сүт эмүүчүлөрдүн 86 түрү бар.