alarm
Задайте вопрос
Биология
Marion Hubert

Берилген сөз айкаштарды пайдаланып, өз алдыңарча «Кыргыз тоолорудеген чакан текст түзгүлө. Тоолор тоого курашат, тоолор тоого улашат; кербенчинин төвлөрүкебез тартып баратат, тоолор төөлөрдөй чубашат; тоңгон муздар, тоолорбийик, бороон калтырап араң өтөт, кыргыз эли тоолорду жакшы көрөт. ​

ответы: 1
Зарегистрируйтесь, чтобы добавить ответ
Ответ:

Тоого тоолор курамалап, курашып,

Узун тартып, уламалап, улашып,

Алда кайда кебез тартып келаткан,

Кербенчинин төөлөрүндөй чубашып.

Кара зоолор ар кай жерде каркайып,

Катмарлашып, калың тартып заңкайып.

Алмаз сындуу көккө тийген миздери,

Арстандын азуусундай арсайып.

Мөңгү кетпей чокулары жалтырап,

Тоңгон муздар шөкүлөдөй жаркырап,

Ар жагынан бер жагына куш эмес,

Араң гана бороон өтөт калтырап.

Жаз келерде эң биринчи жаз конуп,

Кыш болордо эң биринчи кыш тоңуп.

Ай ааламга ай тие элек кезинде

Эң биринчи ай жамынып ак болуп.

Түн болордо эң кийинки түндү алып,

Түз жерлерден кийин кетип мунарык

Дүйнө жүзү көзүн ача электе

Эң биринчи күндү тосуп кызарып.

Кыргыз тоосу Советстан тоолору,

Мындай кыйын кымбат тоолор болорбу,

Бүркүп салат бороонуна аралаш

Улуу өлкөгө уурданган жоолорду.

Кыргыз тоосу, элдин сүйгөн тоолору,

Мындай сонун асыл тоолор болорбу,

Асман тиреп, жеңе билет ар качан,

Өлкөбүзгө кас санаган жоолорду.

10/ХI–1946 Чолпон-Ата

Мен тансам: жаштан танам, ырдан танбайм,

Ыры жок өмүрүмө канааттанбайм,

Кудайга миң мертебе калп айтсам да,

Ырыма бир мертебе калп айта албайм.

35
Moogusar
Чтобы ответить необходимо зарегистрироваться.

Другие вопросы: - Биология

О дружбе, верности, любви. Г.Х.

Составьте схемы предложений.1)Ра

Задание 6 ПИСЬМО HEIPYou have re

Составьте письменный диалог по т

ДАЮ 50 поинтовСоставить конспект

8,4 поделить на 7/3 ПИШУ САМ

Контакты
Реклама на сайте